Ферганада чек ара көйгөйлөрү талкууланып жатат

8 декабря 2020 14:22 710 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргызстандын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кеңешмеге кыргыз тараптан КРнын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, Өкмөтүнүн Жалал-Абад,  Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана Экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

 Жыйын  жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ferganada-chek-ara-kjgjlr-talkuulanyp-zhatat



Добавить комментарий