Фармкомпаниялар менен дарыканалардын кызматкерлери блокпосттордон өтө албай жатышат
Фармкомпания менен дарыканалардын кызматкерлери өкмөт менен Бишкектин комендатурасына кайрылды.
Билдирүүдө фармкомпания менен дарыканалардын кызматкерлери өзгөчө абалдан улам жумуш ордуларына жете албай жатканы айтылат. Алар андан сырткары Бишкектин ичине жана аймактарга дары-дармек ташыган машиналар блокпосттордон өтө албай жатканын билдиришүүдө.
“Дарыканалар менен фармкомпаниялардын иши токтоп калуу коркунучу пайда болууда. Жумуш ордунан иштей турганын тастыктаган спарвкаларга берилгенине карабай, блокпостордо дарыкана жана фармкомпаниялардын кызматкерлерин өткөрбөй жатышат.
Кызматкерлер жумуш ордунда болбогондуктан фармкомпаниялар медициналык мекемелерге керектүү медикаменттерди жеткире албай калышууда. Аймактарга дагы дары-дармекти жеткирүүдө блокпосттордо тоскоолдуктар жаралууда.
Бул маселени тез аранын ичинде чечүү керек.
Комендатура машиналар үчүн тийиштүү кагаздарды берүүнү баштай элек. Аптеканын кызматкерлери жумушуна бара албай жатышат. Чүй облусунун аймагында жашаган кызматкерлер Бишкекке келүүдө кыйынчылыктарды тартууда. Аймактарда банктардын филиалдары жабылып, каражат которууда көйгөйлөр жаралууда”, — деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×