Facebook коронавирус менен күрөшүү үчүн кишилердин ары-бери басканы боюнча маалыматтарды чогултат

7 апреля 2020 16:02 874 Barometr
Поделиться в:
ok

Facebook компаниясы коронавирус менен күрөшүү аракеттеринин алкагында кишилердин ары-бери басканы боюнча маалыматтарды чогултуп баштайт. Бул тууралуу компания тараткан билдирүүдө айтылат.

Ал маалыматтар АКШ бийлиги үчүн купуялык шарты менен берилип турат. Ошентсе да компания ар бир колдонуучунун маалыматы конфиденциялдуу түрдө сакталат деп ишендирүүдө.

Бул маалыматтарга ылайык, АКШ бийлиги тургундар канчалык деңгээлде карантин режимин сактап, айтылган коопсуздук чараларын канчалык аткарып жатканы белгилүү болот. Андан сырткары кайсы штаттын тургундары пандемия учурунда ары-бери көп каттап жатканы да анализделет.

Ссылка: https://barometr.kg/facebook-koronavirus-menen-krsh-chn-kishilerdin-ary-beri-baskany-boyuncha-maalymattardy-chogultat



Добавить комментарий