“Дура турбайсыңбы, элден артта калыпсың” деп басынтты, эми ким менен таанышам?

21 июля 2021 16:35 4423 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Barometr.kg сайтынын дарегине көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бүгүн окурмандын төмөнкү маанидеги суроосун талкуулап көрөлүчү?

“Саламатсыздарбы, сиздерге кайрылып жатканымдын себеби бир аз мурда кыздар болуп сүйлөшүп кеттик. Алар “азыр эркектер кыздардын көңүлүн алып, белек, гүл берип кафеге чакырбай калган, анын ордуна интернеттен түрдүү түстүү сүрөттөрдү жөнөтүп коюшат. Жолугалы дешет, жолуксаң дароо мейманкага баралы же квартирага барып сүйлөшүп келели” дешет деп талкуулашты. Чын эле менде да ошондой окуя болду. Шаардын четиндеги айылдардын биринде турам. Бир аз мурда интернеттен бир жигит менен таанышып калдым, бир эки жумадай вотсаптан жазыштык. Анан мага “квартира снимать этип бир жакка чогуу эс алып келбейлиби?”,-деп сунуш киргизди. “Сиз мени такыр андай ойлобоңуз” деп катуу каршы болдум. “Дура турбайсыңбы, элден артта калыпсың” деп басынтты да, мени блоктоп таштады.

Азыр жигиттер менен сүйлөшүүдөн корком. Кайсы жерден ким менен таанышарды билбейм. Ыймандуу кыздар жүрө бериши керекпи, мага окшоп күйөөгө тийбей? Жашым 27ге келди. Кеңешиңиздерди бергилечи”,-деп жазды Асел.

Чын эле ошондой деп ойлойсузбу окурман?

 

Ссылка: https://barometr.kg/dura-turbajsy-elden-artta-kalypsy-dep-basyntty-emi-kim-menen-taanysham



Добавить комментарий