"Евровидениеге" Россиянын атынан тажик улутундагы ырчы катышарына орус коомчулугу каршы болууда

10 марта 2021 09:53 3129 Barometr
Поделиться в:
ok

"Евровидение-2021" ыр сынагына Россиянын атынан "Russian Woman" ыры менен катыша турган ырчы Манижанын улуту тажик болгонуна байланыштуу коомчулуктун терс пикирин жаратты. Бул тууралуу Meduza сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Социалдык тармактарда колдонуучулар "добуштар бурмаланды" деп нааразы болуп жатышат. Айрымдары аткаруучуну "кеч боло электе эле" алмаштырууну талап кылып, улуту тажик ырчынын  “Евровидение” сынагына Россиянын атынан чыгууга каршы чыгышты. Журналист Юрий Киттен Манижаны "интернеттен карьера жасаган мигрант" деп мүнөздөдү.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда Манижаны колдогон жүздөгөн билдирүүлөр пайда болду. 2004-жылы аталган сынакка Россиянын атынан катышкан ырчы Юлия Савичева Манижаны куугунтуктап жаткандарга көңүл бурбоого үндөдү. Анын айтымында, Манжаны ошол көрүүчүлөр өздүрү тандап алагынын айтып, эми мындан ары ырчыны колдоо керек экенине токтолду.

Музыкалык продюсер Иосиф Пригожин "Russian Woman” мааниси жок, түшүнүксүз ыр экенин айтты. Анын айтымында, Манижанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү "өтө төмөн". Ошол эле учурда, ал "Тажикстанда төрөлгөн кыз орус фольклорун жеткире ырдай албайт" деп белгиледи. “Евровидение” сынагына Дима Билан, Ани Лорак жана Дмитрий Колдундун ырларын жазган акын Карен Кавалерян, Манижанын сынакка англис тилинде эмес, орус тилинде ыр менен барышын "стратегиялык ката" деп атады.

Эске сала кетсек, көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Maнижа 39,7% га ээ болуп, аталган абройлуу музыкалык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган. 

Manizha (Манижа Сангин)  1991-жылы Тажикстанда төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн бир нече жылдан кийин үй-бүлөсү Москвага көчүп келген. Кичинекей кезинен бери музыкага кызыгып, 12 жашынан баштап ырчылыкка аттана баштаган. Ал бир нече убакыт Европада жашап келген. Инстаграмда клиптердин коллаждарынын автору катары белгилүү. 2020-жылдын декабрь айында ал БУУнун Качкындар агенттигинин биринчи орус ак ниет элчиси болгон. Ал Россиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүккө катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/evrovideniege-rossiyanyn-atynan-tazhik-ulutundagy-yrchy-katysharyna-orus-koomchulugu-karshy-boluuda



Добавить комментарий