“Евровидение” сынагына Россиянын атынан теги Тажикстандык ырчы Manizha катышат

9 марта 2021 10:27 3084 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Manizha 2021-жылы өтө турган “Евровидение” ыр сынагында Россиянын атынан чыгат. Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналынын сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Биринчи каналдын эфиринде жарыялангандай, артист "Russian woman" ыры менен конкурска катышат.

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Manizha 39,7% га ээ болду. Ал конкурска катышуу үчүн Therr Maitz группасы менен ат салышкан. Көрүүчүлөрдүн тандоосу менен Future is bright ырын мыкты аткарып, “Евровидение” сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Жыйынтыгы жарыялангандан кийин, Manizha көрүүчүлөргө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мен сиздер көрсөткөн ишенимди актап, өлкөгө жеңиш алып келүүгө аракет кылам”, - деди ал.

"Менин балалыгым алыскы Тажикстанда өткөн. Бала кезимден бери чоң апам мага аябай дем-күч берип, менден мыкты ырчы чыгарына ишенчү. Тилекке каршы, азыр чоң энем жанымда жок, бирок ал күн сайын, Тажикстанда туруп, менин сүрөттөрүмө карап алып дем берип турат. Менин бүгүнкү жеңишимди сиздер сыяктуу эле ар дайым мага ишенип, колдоп келген чоң энеме арнагым келди”, - деди ырчы.

Manizha (Манижа Сангин)  1991-жылы Тажикстанда төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн бир нече жылдан кийин үй-бүлөсү Москвага көчүп келген. Кичинекей кезинен бери музыкага кызыгып, 12 жашынан баштап ырчылыкка аттана баштаган. Ал бир нече убакыт Европада жашап келген. Инстаграмда клиптердин коллаждарынын автору катары белгилүү. 2020-жылдын декабрь айында ал БУУнун Качкындар агенттигинин биринчи орус ак ниет элчиси болуп калды. Россиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүккө катышкан.

“Евровидение” сынагы ушул жылдын 18-22-май күндөрү Роттердамдагы Ahoy аренасында өтүп, ага 41 мамлекеттин аткаруучулары катышат. Уюштуруучулардын айтымында, сынак оффлайн режиминде өтөт, бирок делегациялардын курамы жана журналисттердин саны кыскарат. Азырынча көрүүчүлөрдүн сынакка киргизилери же киргизилбеси белгисиз.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынын айынан “Евровидение” сынагы өтпөй калган.

Ссылка: https://barometr.kg/evrovidenie-synagyna-rossiyanyn-atynan-tegi-tazhikstandyk-yrchy-manizha-katyshat



Добавить комментарий