Европада коронавирустун экинчи толкуну байкалууда. Бир катар өлкөлөр кайрадан чектөөлөрдү киргизди
COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны Европада 250 миңден ашты. Бельгия, Швейцария жана Франция жаңы чектөөлөрдү койду. Бул тууралуу AFP агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Европада COVID-19 илдетинин кесепетинен каза болгондордун саны 250 миңден ашкандыгына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. Бельгияда 19-октябрга караган түнү жалпы улуттук коменданттык саат киргизилип, Швейцарияда коомдук жайларда жана жабык бөлмөлөрдө беткап кийүүгө милдеттендирилди.
Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроонун түшүндүрмөсү боюнча, коменданттык саат 00:00дөн 05:00гө чейин кабыл алынган. Мындан тышкары, бардык барлар менен ресторандар да жабылган.
Швейцария өз кезегинде, 15тен ашуун адам катышкан коомдук жыйындарга тыюу салган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы вирустун жаңы түрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу коменданттык саат жарыялады.
Францияда коменданттык саат 21:00дөн 06:00гө чейин күчүндө болот. Чектөө чарасы 17-октябрда күчүнө кирди жана төрт жумага созулат.
Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча жугуштуу оорулардын 17 пайыздан ашыгы жана коронавирус менен байланышкан өлүмдөрдүн дээрлик 22 пайызы Европага туура келет.
Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, күнүнө 150 миңден ашуун жаңы учур катталат. Вирус жуккан адамдардын жалпы саны бүгүн, 20-октябрда 40 425 663 адамга жетти. Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен 1 118 635 адам каза тапты.
Добавить комментарий ×