Европа Биримдиги климаттык кырсыктарга даярданууда
Европа Биримдиги климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланышкан мүмкүн болуучу табият кырсыктарына даярданып жатат. Бул тууралуу “Мир 24” каналы маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Европа комиссиясы аталган аймактын инфраструктурасы менен энергетика объектеринин туруктуулугун жогорулатуу боюнча атайын регламентти кабыл алды.
Бул талаптарга жооп берген объектилер гана ЕБдин туруктуу өнүгүү фондунан 17,5 млрд евро көлөмүндөгү кошумча каржылоо ала алат.
Жаңы талаптар боюнча унаа жана темир жолдору, көпүрөлөр, туннелдер, магистралдар, электр станциялары, электр берүү линиялары суу ташкынынан, кургакчылыктан, катуу ысыктан, катуу шамалдан жана башка табият кырсыктарынан туруктуу корголушу керек.
2050-жылга чейин көмүр кычкыл газын абага чыгарууну нөлдүк көрсөткүчкө жеткирүү каралууда жана бул багытта 1 триллион евро инвестиция керек.
Акыркы айларда Европада суу ташкындары, катуу ысыктан өрттөр жана нөшөрлөгөн жамгырлар болуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/evropa-birimdigi-klimattyk-kyrsyktarga-dayardanuuda
Добавить комментарий ×