Германияда жааган теннистин тобундай мөндүрдөн 5 киши жаракат алды

25 июня 2021 13:22 5671 Barometr
Поделиться в:
ok

Германиянын түштүк-батышында катуу мөндүр жаап, эмдөө борбору жарактан чыгып жана беш адам мөндүр тийип жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Тюбинген шаарындагы эмдөө борборун суу каптап кеткендиктен кечээ кечинде ишин токтотту. Полиция Ройтлинген шаарында беш кишиге мөндүр тийип жабыркаганын билдирди.

Мөндүр теннис тобундай болгон.Үйлөрдүн жер төлөлөрү сууга толуп, бак-дарактар кулады.

Германияга коңшулаш Чехия менен Швейцария да катуу жааган жамгырдан жабыркап жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/germaniyada-zhaagan-tennistin-tobundaj-mndrdn-5-kishi-zharakat-aldy



Добавить комментарий