"Евронун атасы" Нобель сыйлыгынын лауреаты Роберт Манделл каза болду

6 апреля 2021 14:57 6588 Barometr
Поделиться в:
ok

"Евронун атасы" деп эсептелген канадалык экономист Роберт Манделл 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу Bloomberg жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Нобель сыйлыгынын лауреаты, экономист Роберт Манделл Италиянын Тоскана шаарында көз жумган.

Ал 1932-жылы Канаданын Онтарио штатындагы Кингстон шаарында туулган.

Манделл Европа үчүн бирдиктүү валюта катары еврону түзүүнүн идеологиялык жана интеллектуалдык шыктандыруучусу деп эсептелет. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тарта ал европалык жалпы экономикалык жана валюта биримдигин түзүү идеясын колдоп, еврону киргизүүнүн теориялык негизин түзгөн.

1999-жылы ал Нобель сыйлыгын алган.

1974-жылдан ушл күнгө чейин Колумбия университетинде эмгектенип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/evronun-atasy-nobel-syjlygynyn-laureaty-robert-mandell-kaza-boldu



Добавить комментарий