Президент чек арадан курал алып өтүү тууралу указга кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Макулдашуунун максаты Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит боюнча ташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссия менен мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат кагаздары бирдей форма түрүндө иштелип чыгып жана бекитилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Добавить комментарий ×