Эсеп 10:0. Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты
Поделиться в:
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы дүйнөлүк чемпионатта чейрек финалдык кармашта жеңип чыкты. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.
Ал россиялык Марина Суровцеваны 10.0 эсебинде жеңди, Медет кызы эки мүнөткө жетпеген аралыкта бул эсепти камсыздады.
Буга чейин 76 килограмм салмакка чейинки категорияда ал болгариялык Мария Оряшкованы 10:0 эсебинде утуп алган.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө дүйнөлүк чемпионаттын турниринде кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев финалдык кармашта беттешет.
Ссылка: https://barometr.kg/esep-100-ajperi-medet-kyzy-zharym-finalga-chykty
Добавить комментарий ×