Ыссык-Көлдө балдардын эс алуу лагерлери 25-июндан баштап ачылат

5 июня 2020 14:39 1026 Barometr
Поделиться в:
ok

Ыссык-Көлдө пансионаттар жана башка эс алуучу жайлар эс алууга келген конокторду атайын журналга каттоого алат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.  

  Чет өлкөдөн жана эпидемиологиялык абалы начар жерден келген жүргүнчүлөр "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик постунда каттоого алынат. Ошондой эле, постто медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилет.

Пансионаттар жана башка эс алуучу жайлар эс алууга келген конокторду атайын журналга каттоого алат. Ар бир кардар, бир үй-бүлө мүчөсү болбогон учурда, бөлмөгө жалгыз жайгашышы керек. Саламаттыкты сактоо министринин бекитилген эрежелерине ылайык, бир эс алуучуга 6 чарчы метр жер каралган. Биз үчүн калктын ден соолугу биринчи орунда.

 Балдардын эс алуу лагерлери 25-июндан баштап тиешелүү адистер тарабынан каралып чыккандан кийин ачылат. Уруксат берүү укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилди.

 Мечиттерде социалдык аралыкты сактоо керек.  Мечиттерди ачар алдында санэпидемкөзөмөлдүн жана ӨКМ адистери мечиттердин кызматчыларына объектини туура дезинфекциялоо боюнча окууларды өткөрүшөт.



Ссылка: https://barometr.kg/es-aluuga-kelgen-zharandar-atajyn-zhurnalga-kattalat



Добавить комментарий