Айнура Осмонова: "Мектептердин баарына инвентаризация жасап чыгышыбыз керек"
Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралууда. Талкуу учурунда депутат Айнура Осмонова бала бакча жана мектептерде балдардын билим алуусуна тоскоолдук кылган көйгөйлөргө токтолду.
“Мектептердин баарына инвентаризация жасап чыгышыбыз керек. Айрым мектептерде бир класста 60 бала окуп жатса, айрымдарында андай көрүнүш жок. Алтынай Сейитбековна, сиз жакшы билесиз. Өзгөчө Жалал-Абад шаарында бир класста 50-60 бала окуп жатат. Мындай шартта сабак өтүүгө балдарга дагы, мугалимдерге дагы мүмкүнчүлүк жок. Бала бакчалар да көйгөй көп. Бала бакчалар болгону балдардын 30-35 пайызын гана камтый алат. Балким, жаңы ыкмаларды таап, мамлекеттик бала бакчаларга кеткен каражаттан жеке менчик бала бакчаларга да бөлүп берип, балдарды тарбиялоого шарт түзүп беришибиз керек. Каныбек Абдуваситович, сиз ушуга көңүл буруп, чечсеңиз жакшы болмок эле. Эртеңки күндө балдар таптакыр билимсиз калбашы керек”, - деди Осмонова.
Ссылка: https://barometr.kg/erteki-knd-baldar-taptakyr-bilimsiz-kalbashy-kerek
Добавить комментарий ×