Эркин Асрандиев: кошумча буудай сатып алуу үчүн 631 млн. сом бөлүндү

23 марта 2020 13:42 1421 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мамлекеттик резарв тарабынан кошумча буудай сатып алуу боюнча келишмидер түзүлүп жатканын айтты. Бул максатта  мамлекеттик бюджеттен 631 миллион сом кошумча бөлүнгөн.

Ал ошондой эле аймактарга негизги азык-түлүктөрдү жеткирүү күчөтүлүп жатканын кошумчалады.

Асрандиев ун, буудай боюнча атамекендик өндүрүшчүлөргө 800 миллион сом насыя жеңилдетилген түрдө каралганын айтты. Андан сырткары Өзбекстан менен Казакстандан бир топ азык түлүк кире турганын айтып, учурда азык-түлүктү алып келүүдө чек арада эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирди.

“Кыргыз-казак чек арасында “Чоң Капка” менен “Актилек” постторунан күн сайын ун, суу май, буудай кирип жатат”, —деди ал.

Кыргызстанда 22-марттан тарта бир айга өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/erkin-asrandiev-koshumcha-buudaj-satyp-aluu-chn-631-mln-som-blnd



Добавить комментарий