Инсульт менен инфаркттын алгачкы белгилери кандай болот?

10 июня 2022 08:30 1787 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары менен каза тапкандардын көрсөткүчү биринчи орунда турат. Кандай адамдарда инфаркт же инсульт болуу коркунучу жогору? Бул оорулардын белгилерин кантип билсе болот? Бүгүн barometr.kg кардиологдун кеңешине таянуу менен бул тууралуу маалыматты сунуштамакчы.

Инфаркт – жүрөктүн тамырларынын кан менен жабдылышы бузулган учурда курч кармай турган оору. Инсульт-мээнин клеткаларында кан айлануу бузулган кезде келип чыга турган оору. Адам канчалык ооруну алдын алса жана ооруган адамга убагында көмөк берилсе бейтаптын калыбына келүү, аман калуу көрсөткүчү жогору болмокчу.   

Инфаркт болор адамда төмөнкү белгилер байкалат. 

-көкүрөктө кысылган оорунун пайда болушу жана сол жак ийиндин, алдыңкы ээктин, акырек тараптын оорушу;

Көкүрөктө оорлошуунун, кысылуунун пайда болушу; 

Оорунун пристубу 10–20 минуттан ашык болуп анан кайра кое бериши;  

Өлүм коркунчунун пайда болушу;

Тез алсырап калуу, баштын айлануусу, муздак тер чыгуу, энтигүү;

Жүрөктүн айланышы, кусуу, ичтин жогорку жагында оорунун пайда болушу мүмкүн; 

Борбордук нерв системасында бузулуу байкалат: сөз сүйлөй албоо жана акыл-эстин тумандашы;   

Инсульт болор маалда төмөнкү классикалык белгилер байкалат:  

Беттин бир тарабынын кыймылсыз абалга келиши, адамдын жылмая албай калуусу;

Кескин түрдө колдун алсыздыгы пайда болот;

Сөз сүйлөөнүн бузулушу, булдуруктап калуу;

Жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кыла турган факторлор: 

-Чылым чегүү,  

-Алкоголь

-Холестериндин көбөйүшү

-Кан басымдын жогорулашы

-Кант диебети,

-Ашыкча салмак,

-Адамдын дайыма эмоционалдык стресс абалында болуусу,

-Улгайган курак

Аталган ооруларды алдын алуу үчүн туура тамактануу, зыяндуу адаттардан арылуу, тузду колдонууну азайтуу, стрессти азайтуу, көп кыймылдоо керек. Ашыкча салмактан арылуу кажет.

Ссылка: https://barometr.kg/insult-menen-infarkttyn-algachky-belgileri-kandaj-bolot



Добавить комментарий