Эрдоган кыргыз куткаруучуларын жогорку сыйлыктар менен сыйлады
Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган кыргыз куткаруучуларына сыйлык тапшырды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 25-апрелде Түркиянын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда сыйлык тапшыруу аземи болду.
“Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.
Сыйлоо аземине КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты”, -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.
Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.
Ссылка: https://barometr.kg/erdogan-kyrgyz-kutkaruuchularyn-zhogorku-syjlyktar-menen-syjlady
Добавить комментарий ×