Эмне үчүн каалоолорубуз ишке ашпай калат? Психологиялык себептер
Адам бир нерсени абдан каалап, бул тууралуу кыялданып жүрөт. Бирок алардын кээ бирөө же баары таптакыр ишке ашпайт калат. Буга эмне тоскоол болушу мүмкүн? Бүгүн Barometr.kg кыялдардын эмне үчүн ишке ашпай калуусунун психологиялык себептерине токтолмокчу. Бул себептер адамдын каалоосунун аткарылышына түздөн-түз таасир берет.
1. Каалоолордун бири-бирине карама-каршы келиши
Адамдын ички жан дүйнөсүндө конфликт болгон кезде каалоолору такыр ишке ашпайт.Мисалы, ал бай, акчалуу болгусу келет же болбосо чоң бир кызматка жетсем деп каалайт. Албетте ага жетиш үчүн өзүнө бир канча талаптарды коюп, бекем эрктүүлүк менен максатынан кайтпай, өзүн өнүктүрүп, күнү-түнү иштөө керек болот. Бирок ошол эле маалда ушул адам эркин график менен өзү каалагандай иштеп, жан дүйнөсүндө жаккан жумушту кылып, үйүндө же эс алуу жайында тынч гана жаткысы келет. Бул учурда анын биринчи кыялы да, экинчи каалоосу дагы ишке ашпай ортодо кыйнала бериши мүмкүн.
Эмне кылыш керек? Чыныгы талабыңызды аныктап сизге жаккан нерсени гана жасооңуз керек болот.
2. Чыныгы каалоо эмес
Мисалы, сизди ата-энеңиз “турмушка чык”, же жигит болсоңуз “тезирээк үйлөн” деп кыйнап жатат.
Айрымдар улуулардын айтканына макул болуп турмушка чыгат, бирок жан дүйнөсүн бир аздан кийин боштук ээлейт. Эмнеге? Аткени анын каалоосу азырынча башкада болгондуктан ошентет.Балким сиздин каалооңуз чыныгы эмес, кимдир бирөө же коомчулук тарабынан таңууланган каалоо болуп жүрбөсүн? Бул учурда да анын аткарылышы кыйын.
Эмне кылуу керек? Ички жан дүйнөңүздү угуп көрүңүз бул ой менен тилек чындап эле сиздикиби же башкалардын талабыбы? Жообун табасыз.
3. Коркунучтар
Адам бир чоң ишти баштайм деп белсенет. Бирок көпкө чейин анын иши орундалбайт. Анткени анын кайсы бир коркунучу ага таасир берип жаткан болот. Маселен бир кыз элге таанылган ырчы болсом деп кыялданат дейли. Бирок ал келбетим сулуу эмес же үнүм жакшы эмес деп коркот, же эл кабыл албай койсо эмне болот деп ойлойт.
Эмне кылуу керек? Психологдорго кайрылып коркууну жоюунун үстүндө иштөө керек.
4. Энергия жок
Физикалык жана эмоционалдык жактан адам аябай алсыраган болот. Мисалы, анын айланасындагы начар ниеттүү адамдар болгон күчүн тайытып, коркутуп, тынчын алып, урушуп-талаша берсе ички гармониясы бузулат. Же болбосо адам такыр эле эс алганды билбей эмгектен берсе, же зыяндуу адаттары бар болсо анда да энергиясы төмөндөйт. Ички блоктору көбөйөт жана албетте кыялдары менен каалоолору ишке ашпайт.
Эмне кылуу керек? Күчүн калыбына келтирип, тынч эс алып бир канча убакыт бою өзүн гана карашы керек.
Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-kaaloolorubuz-ishke-ashpaj-kalat-psihologiyalyk-sebepter
Добавить комментарий ×