Эмилбек Каптагаев: Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда……

16 сентября 2019 11:07 3641 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жакында ѳлкѳ башчы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту.  Бул жолугушуудан кийин Эмилбек Каптагаев ѳзүнүн фейсбук баракчасында жолугушуу кандай өткөнүн кабарлады.

Анда, Президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарга карата, аларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери жаккандыгын. « Кыргызкөмүр» жана «Кыргызалтын» ишканаларынын казылган жерлеринде үлүшкѳ ээ болуп, мамлекеттин кызыкчылыгын камсыздоосу зарыл экенине токтолгону. Бул ойду ишке ашырууда ѳлкѳ башчы мурда жеке ишкерлерге, менчик ишканаларга же чет элдик инвесторлого берилип, кен байлыктардагы үлүш аталган эки акционердик коомдун акцияларына алмаштырылууга тийиш экенин айткан. 

Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда бул таза рыноктук жол, мыйзамдуу жол экенин Эмилбек Каптагаев баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/emilbek-kaptagaev-zhn-ele-zordukka-salyp-tartyp-aluu-kerek-degen-chakyryktarga-karaganda



Добавить комментарий