Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

23 марта 2019 15:23 1992 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Эмилбек Каптагаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Бишкек шаарын Манас шаары деп атоону сунуштады.

“Канча бир жыл өткөндөн кийин дагы азгырылып кетпей азыртан эле баш калаанын атын Манас шаары деп өзгөртсөк кантет? Баардык көз караш менен алганда ушул адилеттүү болуп тургансыйт... Азыркы Свердлов районун Бишкек району деп атап койсок болот, анткени дал ошол райондо Пишпек чеби бар жана балким Бишкектин калкы жайгашкандыр бир кезде. Ал эми Бишкек баатырдын болгону жана анын ишмердиги талаш маселе, анткени уламыштардан башка анын чын болгонун тастыктай турган ишенимдүү булак жок”,-деп жазды Каптагаев.

Окурмандар анын бул постуна ар кандай пикирлерин калтырууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/emilbek-kaptagaev-bishkek-shaaryn-manas-dep-zgrtn-sunushtady



Добавить комментарий