Эми АКШга оңой эле кете аласыз. Байден Кыргызстанга коюлган чектөөнү жокко чыгарды

21 января 2021 09:58 5329 4 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле экс-президент Дональд Трамптын мурунку чечимдерин жокко чыгарган 17 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Reuters жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Жокко чыгарылган жарлыктардын катарында Азия жана Африкадагы негизинен мусулман өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан АКШга кирүүгө чектөөлөр алынып салынды.

Белгилей кетсек, кыргыз жарандарынын АКШга миграциясын жана кирүүсүн чектеген жарлыкка мурунку президент Трамп 2020-жылдын январь айында кол коюуп, 2020-жылдын февраль айында күчүнө кирген.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Трамптын мындай чечимин биометрикалык паспорттун жоктугу менен түшүндүргөн. Бирок, дүйнөдө биометрикалык паспортту киргизе элек 80ден ашуун өлкө бар.

Эске сала кетсек, 78 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үй-бүлөлүк Библияга колун койду. Ошенип, ал АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.

Ошону менен катары эле, вице-президент Камала Харрис да ант берди. Харрис президенттен кийинки жогорку кызматты аркалаган алгачкы аял жана кара терилүү алгачкы мамлекеттик ишмер болуп калды.

Ссылка: https://barometr.kg/emi-akshga-ooj-ele-kete-alasyz-bajden-kyrgyzstanga-koyulgan-chektn-zhokko-chygardy



Добавить комментарий