Эмгек сиңирген дарыгер коронавирустан каза болду

17 июля 2020 16:21 1921 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмгек сиңирген дарыгер Темиркан Жарматова коронавирус илдетинен улам дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Ош облусунун облустар аралык клиникалык бириккен ооруканалардын директорунун орун басары, эмгек сиңирген дарыгер Темиркан Жарматова каза болду.

Маалымат ылайык, дарыгер коронавирустан 64 жашында каза болду.

Темиркан Жарматова облус аралык ооруканасына 1979-жылдан тарта иштей баштаган. 1994-жылы дарылоо бөлүмүнүн директорунун орун басары болуп дайындалган. 2018-жылы дарылоо бөлүмүнүн директорунун орун басары болуп дайындалган. 2019-жылдын декабрында ага «Эмгек сиңирген дарыгер» наамы берилген.

«Эмгек жолунда Темиркан Жарматова дарыгерден директордун орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, профессионалдуу адис жана ийгиликтүү уюштуруучу катары оорукананын региондогу мыкты адистештирилген медициналык мекемелердин бири катары статусун чыңдоого салым кошкон. Анын түздөн-түз катышуусу жана демилгеси менен бир катар жаңы бөлүмдөр, анын ичинде 2014-жылы өзү башкарган гепатология бөлүмү ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Дарыгердин артында эки кызы калды.

Эмгек сиңирген дарыгер Темиркан Жарматованан үй-бүлөсу жана бир туугандарына «Барометрдин» жалпы жааматы көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/emgek-siirgen-daryger-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий