Элвира Сурабалдиева: кызын коргоп кишини атып салган ата 12 жылга кесилбеш керек
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мыйзамдарга өзүн-өзү коргоо деген түшүнүктү кигизүү керектигин белгиледи. Себеби, өнүккөн өлкөлөрдө коркунуч болгон учурда өзүн коргоп жатып башкага залал келтирген киши жоопко тартылбай турганын айтты.
Депутат жакында эле Баткенде болгон окуяны мисал келтирип, кызын кызыл камчы күйөөсүнөн коргоп, аны атып алган ата 12 жылга кесилбеши керектигин билдирди.
"Баткенде болгон окуя боюнча соттун чечимин окудум. Мурдагы күйөөсү аялын көптөн бери келип коркутуп-үркүтүп жатканда милицияга арыз менен кайрылса реакция кылбай коюптур. Аягында атасынын ачуусу келип кишини атып салыптыр. Эми атып салган ата 12 жылга кесилди деген соттун чечимин чыкты. Мындай учурда өнүккөн өлкөлөрдө өзүн-өзү коргоо деген түшүнүк бар. Бизде мындай түшүнүк жок. Реформа кылабыз, жаңы түшүнүктөрдү киргизебиз десеңер алдын ала ушундай нерселерди мыйзамга киргизгиле", — деп эл өкүлү ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылды.
Бүгүн депутаттар “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карашты.
Депутат ошондой эле, мамлекетке ишеним төмөн, милицияга ишеним жок болгон учурда аргасыздан атасы кызына болушуп кишини атып салса, "ал кишини эмнеге 12 жылга камалышы керек?" деп суроо салып, бул туура эмес нерсе экенин белгиледи.
Сурабалдиева ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, "араңарда тапанча көтөрүп жүргөндөр бар, кыздарыңарды күйөө балдарыңар сабап кетсе сиз дагы түшүнмөксүңөр. Андыктан өзүн-өзү коргоо деген түшүнүктү алып келүү керек" деди эл өкүлү.
Добавить комментарий ×