Эльвира Сурабалдиева Карамушкинага: Аркаңар таза экенин текшерип алып, анан акыл үйрөткүлө!

15 июня 2019 11:56 6376 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына төмөнкүдөй пост бөлүштү.

“Саясаттагы эки жүздүү эл өкүлдөрүңөргө көнүп деле калдыңар го? Эстетип кетсем, депутат Ирина Карамушкина эки жылдайбы, расмий сапарда коллегаларыбыз менен РФ бара калып, орустарга кыргыздарды жамандаганын унута элекмин. "Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык ай, байкуш сиздердин орустарыңарга жардам бергиле!"- деп, биздин делегацияны иттей жаман абалда калтырган. Орус тилине, союздан бирге өткөн жолду, биргелешкен тарыхыбызды, эмгекти эске алып, расмий статусту берген эгемендүү мамлекетбиз. Ошондогу жолугушууда бирге отурган байкелерибизден Карамушкинаны аял киши болгону эле соо калтырды. Саясатта аял - эркекке бөлүнбөйбүз деп айтышса да, ордунда эркек болсо, жакындагы парламентте болгон окуяга окшоп, сөздөрү үчүн жеңил кутулмак эмес. Эл өкүлү деген бийик даражага жынысына карабай, аял болсо да, ичтеби, сырттабы, татыктуу жүрүш керек. Келгенде Алмазбек Атамбаевге маселени жеткиришкенин билем, андан да катуу сөз укса керек. Экс-президентибиз каражат жагынан партиялаштарына бир топ жылдан бери жардам берип жүргөнү жашыруун эмес. Карамушкина эжебизди финансы жагынан колдоп келгенин парламентте баардыгы билишет, өзү да жашырбайт. Эми, саясий чөйрөдө болуп жатканын түшүнүп, алдын ала капалангандай.

Иши кылып, башкасы Кыргызстандын келечегине кайгырса да, ушул эки жүздүү, шовинист коллегама ишенбеймин.

Саясатта көп нерсе бар, мындан ары да дагы болот. Парламент бир жылдан кийин 6-чакырык менен коштошот. Андан эрте таркаса да, баардыгы кудайдын жана элибиздин көз астында. Бирок, сураныч, жаңысына элдин чыныгы добушун алган, мамлекет- калкыбызга жан дили менен күйгөндөрү келсин десеңиздер - саясаттан экономикабызды өйдө койгон патриотторду шайлап алгылачы, туугандар.

P.S. Айта турган сөздөрүмдү эл астында күндө кыйкырбасам да, бетке айткан адатымды экс-президент да, азыркы ажо да, коллегаларым да билишет. Саясатта жүргөндөр кыйынсынып баштаганда, жообум кыска - аркаңар таза экенин текшерип алып, анан акыл үйрөтүп, сүйлөгүлөчү деп”,-деп жазды депутат айым.

 

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-arkaar-taza-ekenin-teksherip-alyp-anan-akyl-jrtkl



Добавить комментарий

  • Марлесбек 5 лет назад
    Эн туура баа бердиниз бул айым эки жуздуу торт кырдуу эч убакта кыргызтан жана кыргыз элине куйбойт биз озубуз эле калабыз куйуп бышып ушуга окшогондор болуп жарды кыргызды АША ушуларга ишенгени ото окундурот
  • Шаршенбек 5 лет назад
    Туура Элвирага кошулам. Бирок Карамушкина жалгыз эмес депутаттардын 70 пайыздан кобунун арты таза эмес. Матраимов маселеси болгондо, Азаттык ачыкка чыгарганда эки эле депутат суйлоду. Момбеков бираз анан Элвира маелени кабыргасынан койдун.Жарайсын Элвира ушунунан жазба. Жанарга ишенчи элек ал да Райымды чайын ичти эле тылтыйып отуруп берди.Кантсе да акасы да, тушуном.
  • Эн туура соз .. себеби мен билем, Сизди биринчи жолу кыргыз калкы учун куйуп жургон жоксуз ..ар дайым КР депутаттарына туура эмес кылган ишине дагы сын айтасын ..ушунунуздан тайбаныз эл колдойт Сизди жана кудайым колдосун ар дайым бар болунуз.
  • Умуткан 5 лет назад
    Азамат кыз.