Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов өлүмдөн пиар издегендерге кайрылды

23 апреля 2020 22:11 18635 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде үзүлдү. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов төкмө акындын өлүмүнөн кийин айтылып жаткан айрым пикирлер боюнча оюн билдирди.

"Тилди тишке катып, унчукпай отуруу болбойт экен.

Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды тез жардам менен ооруканага алып кетти»- дегенден тарта түбөлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргөн адам катары, күйөө баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?..

Дегеним, «антпей коюшуптур, минтип коюшуптур» деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, "Кулак укса курсак кайнайт" болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошол сыяктуу сөздөр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкө кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сөөктү алып кетүүгө өз колум менен арыз жазып бербес элем. Албетте, ал иштин бардыгы атамдын БИР ТУУГАНДАРЫ, ЖАКЫНДАРЫ менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты.

Биздин өтүнүч, эми өйдө-төмөн сөздөрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда өтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Өзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр.

Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдары көп болгон үчүн, аза күткөн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер көп болду, жалпы журту түп көтөрүлө аза күттү. Бирок, биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын өз кызыкчылыгына пайдаланып калууну көздөгөн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм:

Өлүмдөн да бакыт издешет,

Өлгүр, «өкүмат» болуп көнгөндөр", - деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/elmirbek-imanalievdin-kj-balasy-mirzat-mykanov-lmdn-piar-izdegenderge-kajryldy



Добавить комментарий