“Электр станциялар” компаниясы 24,6 миллион сомдук видео байкоолор тууралуу түшүндүрмө берди

28 августа 2018 21:20 887 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин ЖЭБинде видео камералар энергетикалык коопсуздукту камсыздоого керек. Бул тууралуу “Электр станциялар” компаниясы коомчулуктагы сын-пикирге карата  жооп берди.  

Маалым болгондой,  жылуулук электр борборун бойлой 55 видео камера орнотулат. Дагы 155 камера технологиялык курам катары коюлат. Видео байкоо, ошондой эле, ЖЭБдеги посттордо пайда болот. Мындай чара аварияларга чукул таасир этүү жана борбордун мүлкүн кайтаруу максатында көрүлүүдө. Эске салсак, буга чейин  видео байкоолорго 25 миллион сомго  жакын акча сарпталаары айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/elektr-stanciyalar-kompaniyasy-246-somduk-video-bajkoolor-tuuraluu-tshndrm-berdi



Добавить комментарий