Чыр жараткан Бишкек ЖЭБине 24,6 миллион сомдук видео-байкоолор орнотулат

28 августа 2018 14:05 821 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек ЖЭБине видео-байкоо системасы орнотулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.  

Маалымдалгандай, долбоордун баасы 24,6 миллион сомду түзөт. Камералар жылуулук-электр борборунун негизги жана жардамчы жабдууларына бекитилет. 

Белгилеп кетсек, ЖЭБ буга чейин эле 1,8 миллион долларга 128 видео камера менен камсыздалган. Анда ар бир камераны 14 миң долларга сатып алуу чечими коомчулук арасында катуу талкууга алынган.  Эми ошол кымбат камералар кайра жаңыртылууга муктаж экени айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/chyr-zharatkan-bishkek-zhebine-246-million-somduk-video-bajkoolor-ornotulat



Добавить комментарий