Элчилик: Япониядагы кемедеги кыргызстандыкка коронавирус жукту деген маалымат такталууда

18 февраля 2020 14:09 560 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын жээгинде турган Diamond Princess кемесиндеги Кыргызстандын жаранына коронавирус жукту деген маалымат азырынча тактала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Япониядагы элчилиги билдирди.

“Япониянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, биздин жаран коронавируска чалдыкты деген божомол анын каютасында чогуу жашаган башка кишиден коронавирус табылгандыктан айтылган. Ошол эле маалда КР жаранынын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн эмес. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өзүнүн айтымында, өзүн жакшы сезип жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Элчилик 6-февралдан тарта Кыргызстандын жараны менен байланышта.

Андан сырткары, элчилик Күн Чыгыш өлкөсүндөгү кыргызстандыктар менен тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Элчиликте мекендештерге консулдук-укуктук жардам берүү үчүн күнү-түнү иштеген штаб ачылды.

Эске салсак, буга чейин Японияга келген Diamond Princess кемесиндеги жүргүнчүнүн биринен коронавирус табылып, кемедеги 3 миңден ашык киши карантинге алынып, жээкке чыгарылган эмес. Анын ичинде Кыргызстандын жараны бар экени да айтылган

Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-yaponiyadagy-kemedegi-kyrgyzstandykka-koronavirus-zhuktu-degen-maalymat-taktaluuda



Добавить комментарий