Элчилик Москвада үйдүн чатырынан кулап каза болгон кыргызстандыктын өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранды

30 декабря 2020 13:32 1555 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвадан 31 жаштагы кыргызстандык кырсыкка кабылып, каза болду. Бул тууралуу «Московский комсомолец» жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кырсык, Москванын Вражский көчөсүндө 28-декабрда болгон.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну кар тазалап жатып, үйдүн чатырынан кулап кетип, каза болгон. Россиянын баш калаасындагы Хамовнический райондук ички иштер бөлүмү мигранттын өлүмүн тастыктады.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган райондогу тергөө бөлүмүнө окуяны ар тараптуу иликтөө өтүнүчү менен кайрылды. Мындан тышкары, дипломаттар эмгек инспекциясына эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун үй-бүлөсү менен байланышып, окуянын чоо-жайын кабарлап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-moskvada-jdn-chatyrynan-kulap-ketip-kaza-bolgon-kyrgyzstandyktyn-lmn-tykyr-iliktn-surandy



Добавить комментарий