Эл өкүлү: Жети дубандын эли жети тилде сүйлөй баштады
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов кыргыз тилинин көйгөйү чоң экенин илимдин докторлору, улуу муундагылар айтып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү илимдин докторлорунун айтканына таянып, жети дубандын эли жети тилде сүйлөп жатканын айтты. Алар "Кыргызстанда жети дубан бар, ошонун эли кантип сүйлөп жашап келе жатат?" деген суроо абдан курч экенин белгилешкенин маалымдады.
"Жети дубандын эли жети тилде сүйлөй баштады деп жатышат. Биз кыргыз тилин сакташ үчүн, кыргыз улуту болгон, бар, болот деп айтуу үчүн тилди сакташ керек. Аны сакташ үчүн адегенде Жогорку Кеңештин улуу трибунасынан сөздү бир тилде баарыбыз сүйлөсөк. Жети дубандан келген адистер, жетекчилер ар кимиси өзүнүн тилинде сүйлөп баштаса тилге зыяны тиет, анан кесепети бүгүн билинип жатат деп жатышат. Керек болсо учурашканды билбейбиз. Улуттук телеканалдар менен радиолордон алып баруучулар ар кандай сүйлөй баштады дейт. Ушунун барын эске алып, мыйзам чегинде бардыгын жумушта, жыйында бир тилде сүйлөгөнгө алып келсек, азыр иште баштабасак кийин кеч болуп калат деп жатышат", — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/el-kl-zheti-dubandyn-eli-deti-tilde-sjlj-bashtady
Добавить комментарий ×