Эл артистти Искра Раимкулованы акыркы сапарга узатышты

9 августа 2021 13:12 575 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-августта Бишкекте театр жана кино актрисасы, КРнын эл артисти Искра Раимкулованы акыркы сапарга узатышты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдады.

Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын туугандары, достору, маданият ишмерлери, кесиптештери катышты. Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият министри Кайрат Иманалиев жана башка анын талантын сыйлаган адамдар келишти.

Раимкулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.Ал 8-августта узакка созулган оорудан кийин 84 жашында көз жумду.

Белгилей кетсек, Искра Раимкулова кыргыз улуттук киносу менен театрга зор салым кошкон. Ийгиликтүү чыгармачылык ишмердиги үчүн “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдарын алган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/el-artistti-iskra-raimkulovany-akyrky-saparga-uzatyshty



Добавить комментарий