Жээнбеков: «ТҮРКСОЙ “ОШ – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” деп жарыялаганына карата Ошто салтанаттуу иш-чара белгиленет»

21 февраля 2019 12:42 1933 Barometr
Поделиться в:
ok

Быйылкы жылды эл аралык ТҮРКСОЙ уюму “ОШ – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” деп жарыялады. Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара апрель айында Ошто белгиленет”. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

“Ош шаары региондогу эң байыркы шаарлардын бири, анын тарыхы өзгөчө, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу катары апрель айында Ош шаары түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүн кабыл алат. Бул чечимдин маданий жана саясий мааниси чоң. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, акыркы жыйырма жылда Ош шаарында эки жолу коогалаң болду. Биз эми шаарыбыздын дүйнөлүк кадыр-баркы, маданий жана саясий имиджин көтөрүшүбүз керек”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-trksoj-uyumu-byjylky-zhyldy-osh-trk-djnsnn-madanij-borboru-dep-zharyyalady



Добавить комментарий