Эл аралык издөөдө жүргөн "зөөкүрлүгү" менен белгилүү болгон кылмышкер Кыргызстандан кармалды

25 сентября 2018 15:10 2412 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында “Макс” аттуу адам жашырынып жүргөндүгү жана аны өзгөчө оор кылмыштарды жасагындыгы үчүн издөөдө экендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган адам Казакстандын жараны экендиги  аныкталган. Ыкчам маалымат боюнча Ниязов Мурат 1979-жылы туулган, эл аралык кылмыштуу топтун күжүрмөн  канатынын лидери жана ал кылмыштуу чөйрөдө өзүнүн өзгөчө зөөкүрлүгү менен айырмаланат.Аныкталгандай, Казакстан республикасынын кылмыш-жаза кодексиндеги 194, 367, 262-беренелеринде (талап кылуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн М. Ниязовдун сыртынан коңшу республиканын сотунун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылып, Интерполдун линиясы менен эл аралык издөө 2015-жылы жарыяланган. Издөө салган тарап Казакстан республикасынын улуттук коопсуздук  комитети. Кылмышкердин өз аты Ниязов Мурат экендиги такталды. 

Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып, издөө салган тарапка маалымат жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-izdd-zhrgn-zkrlg-menen-belgil-bolgon-kylmyshker-kyrgyzstandan-karmaldy



Добавить комментарий