Эксперттер коронавирусту дарылоонун протоколун кайра карап чыгышты

17 июля 2020 17:47 5692 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирустун адам организмине тийгизген таасири  боюнча эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Жолугушуунун катышуучулары коронавирустун адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, диагноз коюу, дарылоонун клиникалык аспектилери маселелерин талкуулады.

Патоморфологиялык иликтөөлөр менен биргеликте оорунун патогенези жана клиникалык  окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу акыркы эл аралык маалыматтарды эске алуу менен учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

"Мурда Эл аралык ооруларды классификациялоо-10 (МКБ-10) боюнча «Ооруканадан тышкаркы пневмония J-18» (өпкө оорусун чакыруучу зат аныкталбаган) деп кодификацияланган окуялар лабораториялык жактан тастыкталбаган (ПЧР жыйынтыгы терс, же жасалбаган), бирок клиникалык белгилери бар жана рентген аркылуу тастыкталган коронавирустук инфекция катары саналат", - деп айтылат маалыматта.

 Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр кабыл алынды:

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту дарылоо боюнча учурдагы клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун үзгүлтүкүсүз жана ыкчам түрдө кайрадан карап туруусу;

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун практикалык саламаттык сактоодо ишке киргизүү ишин күчтөндүрүүсү, ар кыл тармактагы дарыгерлерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо ыкмаларына окутуусу;

Клиницисттердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-конференция өткөрүүсү тапшырылды

Ссылка: https://barometr.kg/ekspertter-koronavirustu-daryloonun-protokolun-kajra-karap-chygyshat



Добавить комментарий