Эксперт пандемиядан кийин туристтер агылып келе турчу өлкөнү атады

4 мая 2020 16:54 1971 Barometr
Поделиться в:
ok

Саясат таануучу Дмитрий Абзалов коронавирус пандемиясынан кийин туристтерге өз эшигин ача турчу мамлекеттерге пляж туризми жакшы жолго коюлган Түркия, Греция жана Италия боло турганын билдирди.

“Прайм” порталынын жазышынча, дал ушул мамлекеттер туристтер үчүн эшигин ачканга ашыгышат. Бирок эс алуучулар келе турчу мамлекеттер чек араларын качан ачары да абдан маанилүү.

Абзаловдун айтымында, туристтердин ары-бери катташы жайдын ортосуна туш келет. Ошентсе да бардык иш аракеттин бардыгы коронавирус илдетинин алдын алынышы жана жайылышына көз каранды болот. Бардык мамлекеттер үчүн жайкы туризм күйүп кетти деп айтууга болот. Себеби, брондоо иштери жазында ишке ашат. Бул жазда эч ким жайкы эс алуусун пландаган эмес.

Ал эми Азиядагы мамлекеттерде туризмдин абалы бир кыйла оор болот. Анткени туристтердин көбү бул Азиядагы мамлекеттер Кытай менен чектеш болгонунан чочулашат.

Коронавирус илдетинен улам экономиканын көптөгөн тармагы ири жоготууларга учурады. Өнөр-жай ишканалары убактылуу токтогон.

Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-pandemiyadan-kijin-turistter-agylyp-kele-turchu-lkn-atady



Добавить комментарий