Экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Анын учурдагы абалы

13 ноября 2020 17:45 1863 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасалып, стент орнотулду. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун маалымат кызматы 13-ноябрда “Барометрге” билдирди.

Маадыматка ылайык, операция бүгүн, 13-ноябрда жасалган.

«Чолпонбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда жатат. 16-ноябрь күнү ооруканадан чыгарууну пландап жатабыз », - деп айтылат билдирүүдө.

Эскете кетсек, Чолпонбаев 22-октябрь күнү №1 СИЗОдон жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн.

Белгилей кетсек, 15-сентябрда Финпол Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Анын 15-ноябрга чейин тергөө абагында болору айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-ministr-kosmosbek-cholponbaevdin-zhrgn-operaciya-zhasaldy-anyn-uchurdagy-abaly



Добавить комментарий