Экс-мэр Кубанычбек Кулматовду Жогорку Сот абакта калтырды
Поделиться в:
Бугүн 30-октябрда Жогорку Сот Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды. Бул тууралуу экс-мэрдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Жактоочу Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган эмес. Жыйынтыгында экс-мэрдин 24-ноябрга чейин абакта калуу чечими өзгөртүлгөн жок.
Эске салсак, 18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси менен иш козголуп, 5-июнда УКМК тарабынан камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-mer-kubanychbek-kulmatovdu-zhogorku-sot-abakta-kaltyrdy
Добавить комментарий ×