Экс-депутат азыркы парламент "жакшы эмес" деген баага татыганын айтты

9 января 2020 12:50 1887 1 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов 6-чакырылыштагы парламентке коомчулук "жакшы эмес" деген баасын берип жатканын билдирди. Ал мындай пикирин "Парламентаризм сабактары" телеберүүсүндө айткан.

Шыкмаматов журналисттин "алты чакырылыштагы парламент кыргыз парламентаризминин өнүгүшүндө эмнеси менен эсте калат? деген суроосуна "Билбейм, аны жалпы эл чечет" деген жообун берди.

"Менин оюм субъективдүү болуп калат го. Тархыта өтө деле жарк этип калбайт го... Жалпы коомдук пикирде "жакшы эмес" деген бааны алган парламент болдук, буга епутаттардын көбү мени менен макул болсо керек. Эми ага көп нерселер себеп болду. Айтсак жаңы кабыл алынган кодекстер, административдик айыптар, кийиктерди, эчки-текени атууну мыйзамдаштырып койдук.  Эл колдобогон чечимдерди кабыл алган парламент сынга кабылып калды", — деди ал.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен кызыкчылыктары келишпей калгандыктан партиянын катарынан чыгып, депутаттык мандаттан дагы баш тарткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-azyrky-parlament-zhakshy-emes-degen-baaga-tatyganyn-ajtty



Добавить комментарий

  • Как можно принять какой либо закон , когда не могут прочитать слово гомосексуализм.