Экс-чиновник кол алында иштеген жаш жигитти зордуктап кармалды

24 апреля 2019 16:39 13043 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Шымкент шаарында жаш жигит өзүнүн кесиптешин зордуктады деп айыптап чыкты. Ал видео кайрылуу жазып окуяны баяндаган. Бул тууралуу Otyrar.kz. жазды.   

Шымкенттик жигит кесиптешин айыптап жаткан бирок полиция ишти карап жатып башка жагдайларды таап алды.

Жабырлануучунун айтымында өткөн жылы жайында кесиптеши ага ичимдик ичирип, зомбулук көрсөтүп анан видеого аны тартып алган. Анын кесиптеши башка иштер боюнча соттолуп учурда түрмөдө жатат.

Бирок полиция кызматкерлери зордукчулар тартып алган видеону карап жатып башка адамды- Шымкенттин мамлекеттик ишканаларынын биринде директор болуп иштеген адамды шектүү катары аныктап чыгышты.

Директор бул кылыгын жалган деп мойнуна албай жатат.

Анын айтымында, аны айыптоо болгону видеодон чыккан үндөргө негизделүүдө. Ал эми “тиешелүү добуштарды” ал массаж жасап жатканда чыгарган экен.

Учурда видеонун чын-бышыгын эксперттер аныктап жатат.Иш сотко өттү.

Экс-чиновникти эркекти зордуктоого, жеке жашоонун кол тийбестигине кол салууга, мамлекеттик коррупцияга айыптап жатышат.

Ишти аталган шаардагы Аль-Фараби соту карайт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/eks-chinovnik-kol-alynda-ishtegen-zhash-zhigitti-zorduktap-karmaldy



Добавить комментарий