Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун күзгү отуруму жыйынтыкталды
Кечээ, 5-октябрда Бишкек шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмдун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны жабылды.
ЕККУ ПАнын аталган жыйынынын алкагында “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференция өттү.
Ошону менен катар ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетин отуруму болуп, анда парламентчилер учурдагы эл аралык саясый маселелерди карашты. Атайын комитеттер менен атайын өкүлдөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар угулду. ЕККУ ПАнын алдыда, 2018-2019-жылдарда өтүүчү жыйындарынын даталары менен жерлери аныкталды.
Жыйынтыгында ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын катышуучулары иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурлгандыгын белгилеп, жылуу кабыл алган Кыргыз Республикасынын жетекчилерине ыраазычылыктарын айтышты. Соңунда ЕККУ ПАдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегация башчысы, депутат Иса Өмүркулов, ЕККУ ПА төрагасы Георгий Церетели жана ЕККУ ПА Башкы катчысы Роберто Монтелла жыйынтыктоочу маалымат-жыйын өткөрүштү.
Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү отуруму Бишкекте Европа, Азия жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн келген 150дөн ашуун парламентчилердин катышуусунда өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/ekku-panyn-oturumu-zhyjyntyktaldy
Добавить комментарий ×