Экинчи ирет турмуш курганда кандай кыйынчылыктар жаралат?

4 декабрь 2025 09:35 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экинчи ирет турмушка чыгуу ар бир эле аял заты үчүн оңой эмес. Анткени эски баракчаны жаап салып, кайрадан жаңы баракчанын ачылуусу ар бир эле адамга кыйын.

Бул тууралуу психологдун сунуштарын "Барометр" билдирет. Биринчи никеге караганда, экинчи ирет турмуш кургандарда ажырашуу көп катталгандыгын белгилеп өттү.

Экинчи ирет үй-бүлө курганда кандай келишпестиктер жаралышы мүмкүн:

  • Жаңы үй-бүлөдөгү жаңы эрежелер;
  • Балдар ортосундагы мамилелер;
  • Эки жубайдын психалогиялык жактан көз карашынын төп келбей калуусу;
  • Алгачкы никедеги чечиле элек маселелер.

Психологиялык байланыш

Көпчүлүк учурда экинчи ирет турмуш курууда аялдарга кыйынырак болушу  айтылат. Анткени, анын балдары, жаш өзгөчөлүгү, максаты жана талаптары жогору болот. Буга карай айымдар биринчи күйөөсүнүн терс сапаттарын, экинчи адамга турмушка чыгууда көп салыштыра берет. Ошол эле, учурда идеалдуу адам жок экендигин белгилүү

Эң маанилүү нерсе сиздин башыңыздан өткөн турмуштук тажрыйбаңыздагы кемчиликтердин үстүнөн иштеп чыкканыңыз жакшы.

Экинчи ирет турмуш курганда башыңыздан өткөргөн мурунку окуяларды улам эстебеш керектигин адистер айтып келет. 

Андан да эки жубайдын ортосундагы сексуалдык байланыш абдан маанилүү экендигин белгилеп өтүштү..

 

Ссылка: https://barometr.kg/ekinchi-iret-turmush-kurganda-kandaj-kyjynchylyktar-zharalat



Добавить комментарий