Эки жолку дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков бүгүн ардагерлердин дүйнө чемпионатында күрөшөт
Бүгүн кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Чынарбек Изабеков ардагерлердин дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу "barometr.kg" сайтына Изабековдордун күрөш Академиясынан кабарлады.
Ардагерлер күрөшүнүн эки жолку чемпиону Чынарбек 100 кило салмакта күч сынашат.
Эске сала кетсек, Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында 2015- жана 2016-жылдары, эки жолу дүйнө чемпиону болгон. Былтын бул мелдешке катышып, коло байгеге татыган болчу.
Ардагер-балбандардын дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жатат.
Буга чейин аталган мелдеште Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев “Е” категориясында 55-59 жаш курактагылар арасында 78 кило салмакта күрөшүп, дүйнө чемпиону болду.
Добавить комментарий ×