Эки депутат жана ЖК аппаратынын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

22 июня 2020 15:26 2134 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки депутаты жана ЖК аппаратынын үч кызматкери COVID-19 диагнозу коюлгандыгы расмий тастыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш коронавирус жуккан депутаттардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарууга укуксуз.  Бардык бейтаптар обочолонуп, байланышка чыккан адамдар аныкталды.  Ошондой эле, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин бир бөлүгү аралыктан иштөө режимине өттү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек.

“Ошондой эле, буга чейин беш депутат вируска чалдыкты деген сөздөр чындыкка дал келбейт», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-deputattan-zhana-zhk-apparatynyn-ch-kyzmatkerinen-koronavirus-anyktaldy



Добавить комментарий