Эгиз түгөйүнүн паспорту менен чет өлкөгө чыгууга аракет кылган кыз кармалды
Поделиться в:
13-ноябрда “Чон-Капка-автодорожный” өткөрүү пунктунда башка паспорт менен кыргыз жараны Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Текшерүү учурунда 1996-жылы туулган З.Р. кызы аттуу кыз суроолорго жооп берип жатып адашып, шек жараткан. Текшерүүдөн кийин 1996-жылы туулган Р кызы Ф. экендиги аныкталып, паспорт аныкы эместиги такталган. Жаран өзүнүн эгизинин паспортун колдонгондугун мойнуна алган.
Бардык документтер такталгандан кийин, кызды аймактык УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/egiz-tgjnn-pasportu-menen-chet-lkg-chyguuga-araket-kylgan-kyz-karmaldy
Добавить комментарий ×