Назира Айтбекова: "Желмогуз кыз болдум, эми менин көңүлүмдү эч ким кирдете албайт"

21 октября 2019 16:06 3965 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алыпбаруучу, актриса Назира Айтбекова эмне себептен желмогуз кыз болгонун социалдык тармактан түшүндүрдү.

"Көптөн бери "желмогуз" кыздын бет кабын кийе элекмин. Бет кабымды берип койгулачы???? Ичимдеги назик, ыйлаак, ак көңүл кызды терең жашырып, сыртынан желмогуз кыздын элесин кийдим. Аруулук бааланбайт.Тазалык тебелендиде калат анткени. Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө! Жинди кыздын образында жүргөндө сөздөрүңөр катуу тийбейт. Эч ким менин көңүлүмдү кирдете албайт. Мен бирөөнү ыйлатышым мүмкүн бирок мени ыйлата албайт. Жаман кыз мени коргойт. Сыртымдагы ошол "стерва" болбосо, сындырып кетмек мени эчак. Жумшактыгым, назиктигим тикенектин алдында жашынсын! "Бет кабыңды чеч. Чыныгы өзүңдү көрсөт!" деди эле мени жакшы тааныган бирөө.  Жаман экен бет капсыз, жылаңач жүргөн.  Үшүп кеттим. Денебизди түрдүү көйнөктүн алдына жашырган сыңары жан дүйнөбүздү түрдүү бет каптын артына жашырат экембиз. Өзөгү чириктер сулуу көрүнөт. Өзөгү сулуулар түрү суук көрүнөт. Ким кандай өзөгүн жашырып жүрөт кеп ошондо...", - деп жазды Назира Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/ech-kim-menin-klmd-kirdete-albajt



Добавить комментарий