Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

29 мая 2021 10:41 2105 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин берген маалыматына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-13-июнь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт.

Чемпионатка барчулар:

Айбек Кубанычбек уулу: 60 кг;

Владимир Золоев: 81 кг;

Эрлан Шеров : 90 кг;

Юрий Краковецкий: +100 кг.

Спортчуларды дарыгер Иса Бичанов, улук машыктыруучу Сергей Мистрюков жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп бараары айтылды.

Эске сала кетсек, курама команданын мүчөлөрү спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/dzyudo-boyuncha-kurama-komanda-djn-chempionatyna-katyshat



Добавить комментарий