Дзюдо боюнча мелдеш: Кыргызстандык эки спортчу алтын үчүн кармашта утулуп калышты

6 апреля 2021 17:15 8299 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты башталды. Бул тууралуу "Барометр" билдирет. 

Мелдештин биринчи күнүндө 5 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандык 9 спортчу мелдешке чыгат.

Белгилей кетсек,  мелдештерге 28 өлкөдөн 19 спорчу катышып жатат. Бардыгы болуп 15 комплект медаль ойнотулат.

Ал эми, эки кыргызстандык спортчу Азия жана Океан чемпионаттарынын коло медалдары үчүн күч сынашат.

Белгилей кетсек, буга чейин 60 килограммга чейинки салмак ченинде Кубанычбек Айбек уулу бул салмакта негизги фаворит деп эсептелген жана 2016-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси казакстандык дзюдочу Элдос Сметов менен жолугушкан. Кармашта кыргызстандык  Элдос Сметовду жеңип, чемпионаттын жарым финалына чыкты.

Бирок, финалга чыгуу үчүн күрөштө тайбайлык Джунг Вэй Янгга утулуп калып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылды.

Эми ал өзбек дзюдочусу Кемран Нуриллаев менен жолугушат. Дзюдочулар коло медаль үчүн күч сынашат.

Дагы бир кыргызстандык Артур Тё чейрек финалда түштүк кореялык Лимхван Кимге утулуп,  кийинки беттеште Тайбэйдик Мин Йен Цай менен беттешип, жеңишке жетти. Эми ал коло медаль үчүн казакстандык Элдос Жумаканов менен күрөшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/dzyudo-boyuncha-aziya-zhana-okeaniya-chempionaty-kyrgyzstandyk-eki-sportchu-altyn-chn-karmashta-utulup-kaldy



Добавить комментарий