Дюшембиев: Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши козголду
Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дюшембиевдин берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.
“Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/dyushembiev-shajloogo-bajlanyshtuu-82-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×