Эркек башка “сүйүктүү” таап бирок аялы билбей жүрөбү? 7 белги

16 июль 2021 16:32 8601 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар бир аял сүйүктүү жарынын жүрүм-турумундагы кайсы гана өзгөрүштү болбосун сезе алат. Бирок айрым учурда аялдар өзүнүн интуициясын иштетпей, жөн гана алдамчы күйөөнүн айткандарына ишенип жүргөн учурлар да болот. Эгерде эркек жубайын алдап жүргөн болсо жана башка мамиле түзүп жаткан болсо анын жүрүм-турумунда кандай өзгөрүүлөр болушу ыктымал? Бүгүн barometr.kg психологдордун мындай өзгөрүүлөр тууралуу айткандарын сунуштайт.

1. Күндөрдүн бир күндөрүндө эле эркектин иши көбөйсө

Көңүлдөш тапкан эркектин “иши чыгып” калганы көбөйөт. “Туугандарыма бардым, жыйында отурам, конокко кеттим, досума жардам берип жүрөм” деген сыяктуу шылтоолорду таап чыгат.

2. Телефонун көп “чукулай” баштаса

Мурда телефонго көп кызыкпаган же иши телефонго байланыштуу болбогон эркек капыстан эле смартфондон башкы чыкпай калса дагы жакшы белги эмес.

3.  Жасанып, түзөнүп өзүнө караса  

Буга чейин сырткы келбетке көңүл бөлбөй жүрүп эле бир учурда кийим кечесин жаңыртып, сакал-мурутун жакшылап алып, атыр колдоно баштаган күйөөдө дагы бир өзгөрүш пайда болушу мүмкүн. Ал бирөөгө жагуу үчүн ушундай кадамдарга алдыртан барып жатышы толук мүмкүн.

4. Өзүн таң калыштуу алып жүрө баштаса 

Аялынын суроосун укпай калат же кеч жооп берет. Ойлуу жүрөт, баарын унутуп кала баштайт, көңүл буруусу азаят. Демек анын оюнда башка нерселер дагы болуп жатышы мүмкүн. Муну эркектин ишинде болуп жаткан кыйынчылыктар менен чаташтырбоо керек.

5. Берешен болуп кетсе

Акчаны ашыкча чыгарбай жүргөн эркек бир маалда эле аялынан эч нерсе аябай калса дагы күмөн жарата турган иш. Ал өзүнүн күнөөсүн сезип жаткандай болуп токтоно албай аялына жаккан нерселерин алып бере башташы, же таптакыр эле ага көңүл бурбай баштоосу мүмкүн.

6. Түнкүсүн начар уктай баштаса 

Керебетке нары-бери оонап, араң уктаса же телефон кармап, компьютер тиктеп отурса, тескери карап жатса эркекти ойлондурган “махабат” иштери болуп жатышы да мүмкүн.

7. Аялына жакшы көңүл бурбай калса

Интимдик жашоосунда өзгөрүү болгон эркек аялына эртеби кечпи салкын мамиле кылууга өтөт.

Тилекке каршы, аялын алдап күнүмдүк оюндарга кызыгып жүргөн эркектер да бар. Бул белгилердин бири эмес төрт-бешөө катары менен сиздин жолдошуңузда байкалып жатса, ойлонуп жагдайды  билүүгө аракет кылып көрүңүз.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-bashka-sjkt-taap-birok-ayaly-bilbej-zhrb-7-belgi



Добавить комментарий