Жаңы технология: +50 градус ысыктан улам Араб эмиратында жасалма жамгыр жаадырышууда
Бириккен Араб Эмираттарында жаңы технологияны колдонуу менен жамгыр жаадырышты. Бул тууралуу "Марказ аль-Асифа" порталына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
Шаршембиден бери Бириккен Араб Эмираттарында күндүз 50 градуска чейин ысык болгонуна карабай ар түрдүү райондордо нөшөрлөгөн жамгыр жаап жатат.
Улуттук метрологиялык бюро Аль-Айн шаарына жакын калктуу пунттарда жаан жаап жатканын билдирди. Алар атайын тажрыйбанын негизинде булут пайда кылып ошондуктан нөшөр болуп жатканын түшүндүрүштү.
Өз кезегинде Катардын синоптиктери ишемби күндөн тартып кийинки аптанын ортосуна чейин жамгыр жаадырарын айтышты. Катарда 50 градустан ашык ысык болуп жайкысын таптакыр жамгыр жаабайт.
Бириккен Араб эмираттарында жамгыр жаадыруу боюнча технологияларды активдүү иштеп чыгып жатышат, быйыл жазында жамгырды көбөйтө турган жаңы ыкмаларды тесттен өткөрүшкөн.Бул сынактарды Дубайдагы SANAD академиясы британиялыктар менен бирге жүргүзүүдө.
Добавить комментарий ×